3-июнда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында уйгур улутунун “Жаңы ырлар жана бийлер” аттуу концерти болот. Ага Кыргызстандын жана Казакстандын артисттери: ырчылар Jaffa (Art Rap) жана Наиль Избакиев, заманбап уйгур бийчиси Lacky Lee, “Дильшах” тобу, Рустам Абдурауфов жана башкалар катышат.
“Концерт кайрымдуулук акциясынын алкагында “Максат” аталышындагы балдар бакчасына жардам берүү үчүн өткөрүлүүдө”,- деп билдиришет уюштуруучулар.