Чет элдик маалымат каражаттарынын бүгүнкү, 29-майдагы маалыматына таянсак, Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын келинчеги Кейт Миддлтон учурда кош бойлуу. Бул жолу алар эгиз кыздарды күтүшүүдө. Бул маалыматты Букингем сарайындагылар да тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, Кейт буга чейин жолдошуна кыздуу болгусу келгенин айтып жүргөн. Учурда ал 5 килограмм салмак кошкон.
Бул жаш үй-бүлө 2013-жылы уулдуу болуп, атын Жорж Александр Луи деп коюшкан. Анын жарыкка келишин дүйнө эли чыдамсыздык менен күткөн.