Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Баткенде аймактык башкармалыгын ачты

Баткен шаарында бүгүн, 29-майда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын эки кабаттуу имаратынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага КРнын Өкмөтүнө караштуу ММКларды колдоо фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Курбанбек Камчы уулу, аталган фонддун төрайымы Гүлмира Шакирова, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, өкмөттүн Баткен облусудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана тиешелүү медицина кызматкерлери катышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан