Быйыл өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Милдеттүү
медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жалпы 86 медициналык "Тез жардам" автоунаасы сатылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда аталган фонддон
билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган "Тез жардам" унаалары
республиканын бардык облустарына таратылды. Жалпы суммасы 12 миллион 800 миң
сомдук 13 медициналык автоунаа Баткен облусунун калкын тейлөө үчүн
бөлүндү.