Украиналык мушкер Владимир Кличко жана актриса Хайден Панеттьери тун наристесин күтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик маалымат каражаттары эки жаштын жакын тааныштарынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса Панеттьери мындан бир ай мурун, Владимир менен Алекс Лиепаинин кармашында эл алдына чыккан. Бирок журналисттер ал чапташкан көйнөк кийсе да боюнда бар экенин байкашкан эмес.
Белгилүү болгондой, актриса көптөн бери Владимир Кличко белек кылган бриллиант чөгөрүлгөн нике шакегин тагынып жүрөт. Бирок эки жаштын тою Украинадагы кырдаалга байланыштуу артка жылып келет.
Белгилей кетсек, 38 жаштагы Кличко менен 24 жаштагы Панеттьери 2009-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишет. 2011-жылы алар кол үзүшкөн. Кийин 2013-жылы экөө кайрадан табышып, үйлөнүшөрү тууралуу айтышкан.