Мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында 28-29-майда таанышуу сапары жана "Нарын районунун мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбалары менен таанышуу" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саамалыкка ЖКнын депутаттары, КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, орун басарлары, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, санитардык көзөмөлдөө борборлорунун жетекчилери, мектептердин директорлору, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Бул иш-чаранын алкагында алар Нарын облусундагы Эмгекчил, Жерге-Тал жана Нарын шаарындагы пилоттук мектептердин ишмердүүлүктөрү менен таанышышат.
Сапардын негизги максаты - окуучулардын тамактануусун жакшыртууда тажрыйба алмашуу, коомчулукка, чечим кабыл ала турган адамдарга Нарын облусунун мектептеринин мисалдарында Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча долбоор тууралуу маалымат берүү.
Бул сапардын алкагында катышуучулар мектептердин ашканаларынын техникалык жактан жабдылышы, окуучулардын тамактануусун жакшыртуу боюнча тажрыйбаларды жана идеяларды талкуулашат. Мындан тышкары кызыкдар тараптардын кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү да талдоого алынат.