30-майдан 1-юнга чейин “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын “Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары” долбооруна катышкан Жайыт комитеттери жана тарбиячылар үчүн үч күндүк тренинг өткөрөт. Аталган фонддон маалымдашкандай, Ош мамлекеттик университетинин базасында өтө турган тренингге Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сузак, Аксы, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунан жалпы 30дан ашык өкүл катышат.
Жай айларында Кыргызстандын бардык облустарынын тоолуу аймактарындагы 35 жайлоодо бала бакча ачуу пландалууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш-аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашат. Бул долбоор малчылардын жарды үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. “Жайлоо бала бакчалары” модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айыл жана шаар, райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.
Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университети, "Ага-хан" фонду, Ош мамлекеттик университетинин кызматташтыгында өтөт. Тренингде бул мезгилге чейинки жайлоо бала бакчаларынын тажрыйбасы, өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер каралат.