Бүгүн, 29-майда Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 650 бала үчүн “Жан азык” театралдык көрсөтүү уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, майрамдык иш-чараны өткөрүүгө шаардык бюджеттен 383 миң сом бөлүндү.