Бишкектеги Спорт Ордосунда 29-майда мырзалар арасында “Кыргызстан мырзасы-2014” сынагы өткөрүлдү. Саат 18:00гө белгиленген сынак 1 саат кечигип көшөгөсүн ачты. Сынакка келген көрүүчүлөр залдын 50 пайызын гана ээледи. Алып баруучулук милдетти Кубат Кубанычбеков аркалады.
Сынакка Бишкек шаарынан жана Ош, Баткен облустарынан келишкен 16 жаштан 26 жашка чейинки 32 мырза катышты. Алар “Мен Кыргызстандын патриотумун”, “Пляждагы вариант”, “Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү”, “Жалпы бий - флешмоб” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Алгачкы өзүн тааныштыруу тапшырмасында жигиттер толкундандыбы же даярдыгы аз болдубу, арасынан ойлорун айта албай калгандар кезикти. "Кыргызстандын мыкты мырзасы назиктигине карап бааланат" деген пикир жаралсын дешкенби, таланттар сынагындагы "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" номеринде балдардын басымдуу бөлүгү айымдарды туурап чыгышып, келген элди тажатып жиберишти.
Таланттар сынагында оригиналдуулуктун жоктугу уюштуруучу топтун мырзаларга талаптын жумшак коюлгандыгынан кабар берсе, үн аппаратурасынын өчүп калышы, фонограмма менен ырлардын аткарылышы да жакшы пикир калтырган жок.
Көрүүчүлөрдүн маданий иш-чараларда өзүн алып жүрүүсү да көңүл бурдурду. Сынактын соңунда залдын 50 пайызын ээлеген көрүүчүлөрдүн жарымы гана калып, алар да туугандарына кол чаап, калганын тааныбай-көрбөгөндөй түр көрсөтүп, келгендер "маданияттуулугун" көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, 2013-жылы сынакта "Жылдыздарды тууроо же талантын көрсөтүү" тапшырмасында жигиттердин кыздарды туурап чыкканы коомчулукта кыжырданууну жаратып, сынга алынган эле. Быйыл да ошол кийим менен ошол эле образды туурап чыгышканы уюштуруу тийиштүү деңгээлде болбой калган деген ойду жаратты.
Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк аренадагы сынакка көрсөтчү жигиттердин арасында 3 күн гана даярдык көргөн жигиттин катышып жатканы түшүнбөстүктү жаратты. Эми "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, мыкты уюштуруу алыс эмес деп туралы.
Ошентип, катышуучулардын келбетин, талантын, өзгөчөлүгүн белгилүү жүздөр, дизайнер Замира Молдошева, актёр Бектемир Мамаюсупов, ырчы Анжелика, «Кыргызстан КВН» Лигасынын президенти Евгений Акопян жана сынакка колдоо көрсөтүшкөн демөөрчүлөр баалашты.
Сынактын жыйынтыгында 18 жаштагы Нурсултан Жакыпбек уулу жеңүүчү деп табылып, “Кыргызстан мырзасы-2014” наамы ыйгарылды. Ага “Дүйнөнүн сулуу мырзасы” сынагына жолдомо берилди.
Ал эми төмөнкүлөр кийинки орунду багындырышты:
"1-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ильяс Басылбаев;
"2-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Ислам Солтобаев;
"3-вице Кыргызстан мырзасы-2014" – Улан Молдошбаев.
Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстанда бул сынак экинчи ирет уюштурулуп жатат. Былтыр бул сынакта 33 катышуучунун ичинен Нурбек Сопуев аттуу мырза жеңишке жетишкен.