Германиядагы мекендешибиз, композитор, пианист, скрипач, 1991-жылы Москва шаарында өткөн Биринчи эл aрaлык композиторлордун сынагынын лауреаты Вера Осмонкулова 16-17-майда германиялык белгилүү "Symphonic-Pop Orchestra" эстрада-симфониялык оркестри менен скрипкада ойноп, өз өнөрүн тартуулады. Мындай жагымдуу кабарын Вера Осмонкулова социалдык тармактардагы жеке баракчасына жарыялады.
Вера айым бизге берген маегинде: "Мен бул оркестр менен 2010-жылдан бери тыгыз иштешип келе жатам. Дасыккан, чебер, таланттуу европалык музыканттардан куралган оркестрде ойноо өтө жагымдуу. Мындайча айтканда, мен үчүн, классикалык музыкант үчүн бул эс алуу болуп саналат. Алар менен бир сахнага чыгуу мен үчүн сыймык. Кесиптештерим - менин эң жакын досторум. Бул концерттер да мурункулардай болуп жогорку маанайда өтүп, өзгөчө эмоциялар менен коштолду. Биз Уитни Хьюстон, Майкл Жексон, Лайнел Ричи, "The Beatles", "ABBA", Энрике Иглесиас, Пол Маккартни, Жорж Майкл, Жениффер Лопeс жана башка көптөгөн дүйнөлүк жылдыздардын хит ырларын солисттер менен аткардык. Аны менен катар концертти белгилүү бий топтору, хор коштоду",- дейт скрипач.
Вера Осмонкулованын айтымында, "Classic Open Air" чоң концерти жай мезгилинин ичинде, 27-июнда Людвигсфельд шаарында, ал эми 8-июлда Берлинде болот. Ага 15 миңден ашуун көрүүчүнүн келиши күтүлүүдө.
"Бир кездеги балалык кыялдарым орундалды десем болот. Кичинекей кезимде оркестрдин коштоосунда өткөн жогорку деңгээлдеги мындай концерттерди телевизордон гана көрчүмүн. Ошондо мен "классикалык оркестрдин катарында гана эмес, ушундай да эстрадалык оркестрдин катарында болсом" деп кыялданар элем. Минтип кыялым орундалып отурат. Буюрса, “Симфонис-Поп урс" оркестринин коштоосунда бир тууганым Ырыскелди Осмонкулов да ырдайт. 31-октябрдан тарта Германиянын бир катар шаарларында Ырыскелди экөөбүз концерт коёбуз. Анда мен инимди роялда ойноп коштоп турам. Кайсы чыгармаларды аткарaрыбызды тандап койдук. Советтик тасмалардагы эсибизге сиңип калган чыгармалардан да аткарaбыз",- дейт.
Белгилей кетсек, Вера Осмонкулова Европанын сахналарында дүйнөлүк классикалык чыгармаларды оркестрдин катарында гана эмeс, өзү фортепианодо кыргыздын нукура музыкасын классикага которуп дүйнө элине жайылтып келе жаткан кыргыз музыканттарынын бири.