Студенттер Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

Кечээ, 29-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн эшигин ачты. Министрдин орун басары Айнура Темирбекованын коштоосунда студенттер министрликтин иши менен таанышып, суроолоруна жооп алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алгач министрдин орун басары А.Темирбекова ишмердүүлүгүн кыскача түшүндүрүп, ММКлар боюнча да маалымат берди. Ал эми мамлекеттик саясат жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Мукалиева маданият жана туризм тууралуу айтып берди.

Бул иш-чарага катышкан гуманитардык жаатта окуган 2-3-курстун студенттери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен чакырылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан