Асанбек Алымкожоев: “Акыркы жылдары өлкөбүздө болгон окуялар Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнө муктаж экенин далилдейт”

“Акыркы жылдары Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде болгон окуялар биздин республика Куралдуу күчтөрүнө муктаж экенин далилдейт”,- деп айтты бүгүн, 30-майда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев.

Анын айтымында, 22 жыл анча көп убакыт эмес болгонуна карабастан, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бир топ жакшыртуулар болду. Мындан тышкары ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү өнүгүү этабында турганын баса белгиледи.

“Биз силердин колдооңор менен кадрларды даярдоо боюнча бир топ машыгууларды өткөрдүк. Силердин жардамыңар менен аскердик инфраструктураны жакшыртып жатабыз”,- деп кайрылды иш-чаранын катышуучуларына генерал-майор А.Асанкожоев.

Белгилей кетсек, иш-чарада Кыргызстандагы АКШ, Германия, Уулу Британия, Индия, Тажикстан, Орусия, Кытай жана Япониянын аскердик дипломатиялык өкүлдөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан