Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин жарыкка чыкканына эртең, 31-майда 12 жыл болот. Гезитибиздин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жыл сайын үлгүлүү кызматкерлеринин бирине унаа белек кылып, бир нече мыкты кызматкерлерине чет өлкөгө эс алууга жолдомо берүүнү салтка айлантып келет.
Бүгүн, 30-майда жамаат чакан кече уюштуруп, анда "Супер-Инфо" Кылычбек Султанов гезиттин өнүгүшүнө 11 жылдан бери салым кошуп келе жаткан калеми курч журналист Нурбек Абдыкадыровго темир тулпар тартуу кылды.
Нурбек Абдыкадыров журналисттик кесибин алгач "Супер-Инфо" гезитинде сканворд түзүү менен баштаган. Учурда гезитте шеф-редакторлук кызматты аркалап келет. 3 кыздын кадырлуу атасы.
Кесиптешибиздин күмүш түстөгү темир аргымагы кут болсун, өзү дайыма аман болуп, ийгиликтердин үстүндө жүрсүн! SUPER.KG порталынын жана “Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты Нурбек Абдыкадыровду унаалуу болушу менен куттуктайт. Дайыма эл кызматында болуп, калемиңиз курчуй берсин. Ал эми Кыргызстанда Кылычбек Камчыевич сыяктуу иш билги, күйүмдүү жетекчилер көп болсун дейбиз!