Бишкекте эртең, 31-майда Кыргызстанда алгачкы жолу жүрөккө операция жасалышынын 55 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбордук Азия өлкөлөрүндө алгачкы болуп академик Иса Ахунбаев 1959-жылдын 19-май күнү жүрөк органына операция жасаган. Конференциянын жүрүшүндө И.Ахунбаевдин шакирттери менен кесиптештери өлкөдөгү кардиохирургиянын орун табышы тууралуу айтып беришет.
Илимий конференция Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө борбору менен И.Ахунбаев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургдарынын бирикмеси тарабынан уюштурулууда.