Москвада өтүүчү Балдарды коргоо күнүн майрамдоо салтанатына кыргызстандык балдар да катышат

Кыргызстандан жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана кароосуз балдар 3-6-июнда Москвадагы Балдарды коргоо күнүн майрамдоого катышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусия жыл сайын 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата Орусиянын ар кайсы аймактарынан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн он миңден ашык баланы Москвага майрамдоого чакырат.

Аталган майрамга “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун секцияларына жана ийримдерине жигердүү катышкан жана мектептерде ийгиликтерге жетишкен балдардын курамынан турган Кыргызстандын балдар фондунун делегациясы чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан