“КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саясаттан, интригалардын алыс болгону кубандырат. Министрлик жакшы, пайдалуу иштерди жүргүзгөн мекемелердин бири”,- деди КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынында.
Ошондой эле ал аталган министрлик жергиликтүү бийликтердин, башкармалыктардын жана коомчулуктун сунуштарын эске алып, жогорку деңгээлде иштөө керектигин белгиледи.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз ишине сын көз караш менен карап, аны терең изилдеши керек. Мындан тышкары аймактардагы башкармалыктар да алгылыктуу иштерди жүргүзүшү керек”,- дейт вице-премьер-министр.