30-31-май күндөрү Ош шаарындагы Улуттук драма театрында ырчы Жумагүл Раимжан кызынын тушоо кесүү концерти өттү.
Алгач Жумагүл оркестрдин коштоосунда ырларды аткарып, концерттин көшөгөсүн ачты. Алып баруучулук милдет тамада Аман Ибраев менен куудул Канат Шанаевге буюрган экен. Конок катары келген ырчылардын катарын Айжамал Кабылова, Замир Мырза, Айпери Сыдыкова, Асел Касымова, Сайкал Садыбакасова жана жаңы чыгып келе жаткан ырчылар толукташты. Ошондой эле концерттин жүрүшүндө Жумагүл Раимжан кызына “Ыйык тил” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери ыйгарылды.