Ассоль Молдокматованын фотокөргөзмөсүнүн бет ачар аземи болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-июнда белгилүү теледива, дизайнер Ассоль Молдокматованын фотокөргөзмөсүнүн бет ачар аземи Бишкектеги КРнын Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында орун алды. Аземге КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова, режиссёр Геннадий Базаров, журналист Тынчтыкбек Кожобеков, кыргыз эстрадасынын жылдыздары Урмат Усенов, Неля, Съездбек Искеналиев, Гүлжигит Калыков, актёр Бектемир Мамаюсупов, Ассолдун эки уулу, жакын санаалаштары жана аны ар тараптан колдогон командасы катышты.

Фотокөргөзмөдө Ассоль Молдокматованын 10 мамлекетте тартылган мыкты делген фотолору коюлган. Көргөзмөгө келишкен коноктор Ассолдун сулуулугуна, харизмасына, жетишкен ийгиликтерине суктанып, ага мындан ары ийгиликтерди каалап өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакан концерттик программа да тартууланды.

Ассоль Молдокматова: “Бул көргөзмөнү уюштурууга апам, балдарым жана күн да мага дем-күч берди. Мына ушулардын колдоосу менен мага берилген сыноолорду жеңип чыктым”.

Белгилей кетсек, фотокөргөзмө 15-июнга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Biinura
2014-06-02 00:54:33
Молодца! Здоровья, удачи и исполнения самых смелых желаний.
+1
tasuluu
2014-06-02 01:01:51
Ушул аял жакпайт негедир, жасалма баары.акчасы ашып атса колунда жок жетим жесирлерге жардам бербейби, кыргызча суйлой албайт жада калса!деги улуту ким?
+2
bajzhan2003
2014-06-02 01:48:56
Кыларга башка иши жок. Акча коп. Кыла беретта каалаганын. Беркилер эмне даяр нерседен качмак беле. Чакырса барып койо беришет
+1
aida2013
2014-06-02 03:26:01
bajzhan2003, мейли эми акчасы бар кылат бул да болсо коп мээнетти жумшайт.бирок жакшылап ойлонуп акчасын анча коротпой балдар уйуно деле жумшап койсо болмок экен каааааааап.......
+1
wustraya
2014-06-02 01:59:32
О... оюндагысын кылаттан болуптурго))) Колу м.н тартсада бир жон)))
+2
mahabat.
2014-06-02 09:07:07
wustraya, ошо да .же оз колу менен тартпаса.позировать эткенди мышыктар деле билет.же мааниси жок же пайдасы жок .пустая суета.
+2
Begimkyz
2014-06-02 02:03:15
Орус оюндагысын кылат деп бекер айтышкан эмес да. Аман болсун!
+1
Kunnur
2014-06-02 02:29:11
Туура ар бир адамдын колунан келе бербейт мындай иш
Бирок легендарлуу салондорго барсан бир эле Ассоль эжени эмес.башка кыздарды да косметика менен барби кылып жок кашты бар кылып жок чачты кийгизип же улап дегендей.
+1
mahabat.
2014-06-02 09:11:31
кум менен тушурулгон суротундо куддум окшошуптур.истинное лицо.
+1
Volf
2014-06-02 09:42:33
Ассоль - чоң тамгалар менен МОЛОДЕЦ! Мындай даражага жеткен да бар, жетпеген да бар! Ийгилик, ден соолук каалап койгондун ордуна ич куйдулук кылуунун не кереги бар? Мындай даражага жетпегендер суйлой берет. Ассоль кимдир бироонун акчасын уурдап анан уюштуруп жаткан жок, озу аракети менен жетип жатат. Кыйын болсок биз да ушундай болуп алалы!
+4
Tentek_jigit
2014-06-02 09:44:40
Азамат! Эн кучтуу АЯЛ! Эмгекчил, жаны тынбаган. Ар бир адамдан жакшы жагынан улгу алганга аракет кылуу керек. Ассолдон эмгекчилдик жактан улгу алса болот.
+5
Arslana
2014-06-02 09:48:52
Эн сонун. Кайдан билесинер, балким Ассоль эч кимге жарыя кылбай жакырларга жардам берип жургондур. Ар бир адам озу учун жооп бериш керек.
Ассолдун оорусун ашкере кылгандар, РАК эмне экенин билип туруп суйлогуло. PR кылса, кылбаса да озуно. Ал оору кандай экенин баштан откон гана адам билет. Тобоо дейли.
+5
kipchak
2014-06-02 10:02:33
Ушул сулуу бирок ХХХ болуп корунот козумо).
0
admin_portal
2014-06-02 10:11:30
kipchak - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
rumaika5544
2014-06-02 12:35:32
Фууууу.Жакпады.
-1
Aimeerimka
2014-06-02 14:36:52
Азамат Азамат ушунундан жазба.
0
Jikos
2014-06-02 15:39:24
Ваааау жакты
0
Pakissstanka
2014-06-02 20:27:07
fotoshop but baary emi munun kimge keregi bar ele ozu...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан