7-10-июнда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында кыргыз балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдыгына арналган Эл аралык балет фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалга Орусия, Казакстан, Түштүк Корея жана Кыргызстандын чыгаан балет чеберлери катышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда уюштуруучулар кабарлашты.
Чолпонбек Базарбаев 1949 жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында туулган.
1967-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, башкы директору; 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри; 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Ч.Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген.
Ал Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын ээси болгон.
Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 53 жаш курагында дүйнө салган.