Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 6-июндан тарта "Башка Бишкек" аттуу фотокөргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда аталган музейден кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган иш-чара сүрөттөр боюнча өткөрүлгөн "Фоточемп-2014" чемпиондугуна карата уюштурулууда. Көргөзмө 3 бөлүктөн турат. 1-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын катышуучуларынын эмгектери тартууланат. 2-бөлүккө болсо 5 жыл ичинде чемпиондукта мыкты деп табылган сүрөттөр коюлат. Ал эми 3-бөлүктө "Фоточемп-2014" сынагынын калыстар тобунун мүчөсү, аталган сынактын уюштуруучусу Алексей Лысогоровдун жана сүрөтчү Георгий Колотовдун эмгектери орун алат.