6-июнда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында Орус тилинин эл аралык күнүнө, улуу акын Александр Пушкиндин 215 жылдыгына жана Бишкектеги Орусиянын илим жана маданият борборунун ачылганына 3 жыл толгонуна арналган майрамдык кече тартууланат.
Кечеде балетмейстер Талант Осмоновдун орус акындарынын жана композиторлорунун чыгармаларынан коюлган “Жомоктор” аттуу балет-концерти көрсөтүлөт.
Ошондой эле программада орус поэзиясы, орус композиторлорунун скрипка, виолончель музыкалык аспаптарындагы чыгармалары жана хореографиялык номерлерди Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын, опера-балет театрынын артисттери тартуулашат.
Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.