Таласта Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар ишканалар майрамдык иш-чараларды уюштурушту

Балдарды коргоо күнүнө карата Талас районунун Көк-Ой айылындагы Маданият үйүндө райондон чакырылган 300 балага концерттик программа тартууланып, белектер берилди. Бул тууралуу 2-июнда Талас районунун администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондон чакырылган 300 балага аймактагы чакан насыя берүүчү компаниялар, Көк-Ой айыл өкмөтү, Талас райондук мамлекеттик администрациясы балмуздак жана башка белектерди тапшырышты.

Ошондой эле Талас облустук драма театры тарабынан “Алтын куш” жомогу сахналаштырылып коюлду.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан