Алайдагы митингчилер тарабынан тосулган Ош – Эркеч-Там унаа жолунан фоторепортаж

27-майдан бери Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургундары учурда камакта жаткан ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы менен жолду буушкан болчу. Бүгүн, 2-июндан тарта бийликке койгон талаптарын өзгөртүшүп, Келдибековду биротоло камактан бошотуу талабын коюп чыгышты.

Жолду бууп тургандар бийликтегилер сүйлөшүү үчүн келишпесе, башка чара көрүшөрүн айтышууда. Аны менен катар тамак-ашка болгон баа кымбаттап жатат. Тосулган жерде Оштон келе жаткан 10го чукул жүк ташуучу унаа турса, буулган жолдун ары жагында Чоң-Алайдан келген 20га чукул унаа турат. 

Жол буулгандан бери салык чогултуу азайган. “Кара-Суу”, “Баткен”, “Халмион” базарларындагы ишкерлерден, жергиликтүү тургундардан жолду ачып берүү боюнча арыздар түшүүдө. Сырттан ташылып келген товарлардын баалары кымбаттай баштаганы байкалууда. 

30-майда ички иштер министри Абдулда Суранчиев “Ата Журт” фракциясынын жыйынында "жол тосуудан келтирилген чыгым 12-20 миллион сомго чейин жетти" деп билдирген.

Бүгүн жол тоскондор боюнча 3 кылмыш иши козголгону жана алардын “өзүм билемдик”, “зөөкүрлүк” жана “бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү” беренелери боюнча ачылганы маалым болду. 

Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Aik95
2014-06-03 01:27:13
Уяты жок акмактар
-5
peri...97
2014-06-03 01:27:33
Эмне учун бирида барып кабар алып койбойт я канча кун болуп кетти.........биздин бийлик эмне учун ушунчалык алсыз .......куууратып бутуштуго
+2
toktopolot79
2014-06-03 01:32:30
peri...97, Эл менен жолугуу учун оздорунун аркасы таза болуш керек да.
+2
kirpik
2014-06-03 01:46:08
алардын колу бошобой атса тс деп бул жакка башын оорутат беле акчадан берип койсо журушот да жолду тосуп коюп жаштарынар бут россияда бишкекте кичине ойлонсонор бирдеме болуп кетсе чалдар согушабы силер ойлонгулачы бирок билбейм не болуп атат бир акматты ойлобой элди ойлогула ал не эртен силердин жардамынар мн чыгат кетет бектер кетет эл калат бетег кетет жер калат болуп
+4
Djoni88kg
2014-06-03 02:40:45
Чыгарсын да каяктагы вор в законе Батукаев жүрсүн сыртта, жалган жалаа жаап каматып коюп,жүрөт поеъзди келет го АШАнын да билгенин кылып жатат!
+2
kuban_korumbaevich
2014-06-03 06:48:44
Djoni88kg, Бул соз менен эмнени айткын келип жатат. Атамбаев да соттолот деп айткан оюнузбу? Атамбаев соттолгон кундо да туугандары, жердештери , достору чыгат жол тосуп силерге окшоп.
-4
kuban_korumbaevich
2014-06-03 06:40:48
Урматтуу форумчулар! Калп эле биз бул жакта кырылышып болуно бербейли, качагкыга чейин эки экиге болунуп журо беребиз. Бизден акылдуулар толтура ар ким эле сын айтканга кыйынсынар. Келдибековду колдоп жол тосуп чыккан Алай элине айтаарым эгерде Келдибеков ак болсо, эл учун иштесе,кыргыз элим деп куйуп жургон болсо башка айыл,район,шаарлар да чыкпайт беле жол тосуп!!!
-5
syltanmyrat2013
2014-06-03 11:30:16
kuban_korumbaevich, Таамай айтылган соз .Эгерде Мырзакматовту камаганда азыркыдай 500 го жакын адам эмес50 000 ге жакын адам чыкмак .Муну менен айтайын дегеним Келдибековту элибизде колдоо жок. Моюнга алгыла туугандар
0
MEDER_KULETOV
2014-06-03 07:32:45
Биз бул жерде миң ирет жазсак деле эч нерсе өзгөрбөйт давно чечип койгон АША
+3
Mech.kg
2014-06-03 09:29:52
Жол тосууу болбойт.
+1
adiletaltynbek
2014-06-03 10:09:07
ким жол тоссо шрек!
+1
admin_portal
2014-06-03 10:38:23
jeniw - эскертүү сызыгынын толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
ojor - 10 күнгө БАН!
Жеке айтышууларга жол берилбейт жана аймактык бөлүү жана бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-2
zezim2000
2014-06-03 11:15:29
бизде бийликтегилер коркот былык иштеринин бети ачылбашы учун аша жана анын командасы алдын ала арыктарын чабышып жатышат
+1
Afrodita-12
2014-06-03 11:47:11
Балдар олуп, эл кыйналып, олкого олчойгон акчалар тушпой банкрот болуп атса булар, кызытмадан ичип алышып, кара жорго бийлеп журокту айлантышты. Олуп бараткан кундо да жол тоскон болбойт. Азыр бийлик элден коркуп калды. ХХХ ХХХ ХХХ андай болсо, неге кан жолдуу буушат. кан жолду тоскон онбойт дечу эле кыргызда.
-3
admin_portal
2014-06-03 11:57:12
Afrodita-12 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Somalimogadishu
2014-06-03 17:20:57
Товарищ Сталин
айтмакчы
Всех ХХХ!!!!!!!!
0
admin_portal
2014-06-03 17:51:07
Somalimogadishu - 3 күнгө БАН!
Провокацияга жол берилбейт!
0
ACAH_AKA
2014-06-03 18:40:28
Айла калбай калгандагы иш да жол тосуу

+2
Murok
2014-06-03 19:35:15
Неле тынчыбайсынар ыя, уйунорго барып жашоонорду уланткыла, Нариманды бошоткула деп неге анын жердештери чыкпайт? Уффффффффф кыргызстан онолобу Деги ? &((((
0
kuban_korumbaevich
2014-06-06 10:21:09
Милиция кызматчысын неге сабайсынар я? Ал байкушта эмне куноо? Аны да бироо жонотту да приказ берип. Военный тартипти билесинер го, старшийдин приказын атакарыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан