Украинанын чуулгандуу журналисти Виталий Седюк 28-майда Голливудда “Малефисента” фильминин бет ачарында тосмодон өтүп, элге автограф берип жаткан Брэд Питтин жанына барып, аны бетке соккон. Мындан соң кароолчулар аны кармап жерге кулатып, көп өтпөй полиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал 2 күн абакта отуруп, сот аны 3 жылга эркинен ажыратуу жана психиатрдын текшерүүсүнөн өтүү чечимин чыгарган эле. Бирок Седюк акыл-эси жайында экенин айтып, мындай кадамга актёрду фанаттарынан коргоо үчүн баргандыгын айтып, бардык жылдыздарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Жылдыздар эл менен жолугушуу учурларында өз коопсуздуктарын сактай беришпейт. Ушул нерсеге көңүл бурдуруу үчүн мен ушундай кадамга барууга аргасыз болдум. Мага капа болбогула. Тескерисинче, мага ыраазычылык билдирсеңер болот. Анткени мен өз коопсуздугуңарды сактоого жол ачып бердим десем болот. Фанаттарыңар менен жолугушпагыла деп айтпайм, жолугушкула, бирок сак болгула",- дейт Виталий Седюк өз кайрылуусунда.
Соттун акыркы чечиминен кийин Виталий Седюк жакында сүйүктүү жумушуна кайтып келет. Бирок эми ал жылдыздар катышкан иш-чараларга катыша албайт.
Белгилей кетсек, бул Виталий Седюктун биринчи жосунсуз жоругу эмес. Ал буга чейин Брэдли Куперге, Уилл Смитке жана Леонардо Ди Каприого "чабуул" жасаган. Ошондой эле ал ырчы Аделдин ордуна “Грэмми” сыйлыгын алууга аракет кылган. Мындан тышкары Канн кинофестивалында актриса Америка Ферреранын көйнөгүнүн этегине кире калып, бутунан кармаганга үлгүргөн.