Москва шаарындагы жеке концертинде Карла Бруни сүйүктүүсү, Франциянын экс-президенти Николя Саркозиге ыр арнады

Кечээ, 2-июнда Москва шаарындагы Эл аралык музыка үйүндө Франциянын мурдагы канайымы, ырчы, топ-модель Карла Брунинин жеке концерти болуп өттү. Ага Франциянын экс-президенти, ырчынын сүйүктүүсү Николя Саркози да келип катышты. Ырчы залда отурган жолдошуна кол булгалап, ага арнап "Рено" аттуу композициясын арнады. Көрүүчүлөр "Николя" деп кыйкырып, шаңдуу кол чабуулар менен коштоп турушту. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарда айтылгандай, концерттен соң Саркози залга түшүп, жубайы Карла Бруни менен бирге көрүүчүлөргө кол тамга берген. 

Белгилей кетсек, Франциянын мурдагы биринчи канайымы, ырчы Карла Бруни 29 жашынан тарта ырдап келет. Ал 2003-жылы "Кимдир бирөө мага айтты" аталышындагы дебюттук альбомун 800 миң нускада чыгарган.

2007-жылы Бруни ошол кезде Францияны башкарып турган Николя Саркози менен таанышып, экөө 2008-жылдын 8-январында Елисей сарайында баш кошушкан. Учурда алар 2011-жылы төрөлгөн Жулия аттуу кызын тарбиялап келишет. Бруни Саркозинин үчүнчү жубайы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан