Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы тарабынан кан илдети менен жабыркаган балдарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Улуттук онкология борборунун онкология жана гематология балдар бөлүмүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери А.Калбеков жана Н.Иманалиева аталган бөлүмгө социалдык колдоо максатында балдарга өз каражаттарына алынган белектерин тапшырышты.

Ошондой эле жолугушууда балдардын конституциялык укуктарын жана милдеттерин белгилеп, ата-энелердин суроолоруна жооп беришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
lily27
2014-06-03 10:30:32
Кан илдети?
0
Arslana
2014-06-03 12:14:09
lily27, Онкологияда байкуш кан рагы менен ооруган балдар да бар да. Ошолорго жардам берилген тура, жакшы болуп кетишсин. (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан