Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы тарабынан кароосуз калган жана жетим балдарга жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы кароосуз калган жана жетим балдарга азык-түлүк түрүндөгү жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери Балдарды коргоо күнүнө карата Каракол шаарындагы “Ирада” балдар үйүндө тарбияланып жаткан кароосуз калган жетим балдарды майрамы менен куттукташты.

Башкармалыктын кызматкерлери балдар үйүнүн жеткинчектерине таттууларды таратып, шире жана азык-түлүктөрдү жеткирип беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан