Бишкекте бүгүн, 3-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Эл аралык эмгек уюмунун балдардын оор жумуштарда иштөөсүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык программасы жана «SBDC consult» коомдук бирикмеси менен биргеликте 12-Июнь - Балдар эмгегинен балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган “Социалдык коргоону жайылтуу - балдар эмгегине каршы күрөшүү!” аталыштагы иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстандагы балдар эмгегине тиешелүү көйгөйлөр боюнча маалыматты жайылтуу жана балдардын иштөөсүнө каршы коомдук пикирди пайда кылуу.