"Неберем Алайдагы жолду тоскондордун айынан эмес, дарыгерлердин шалаакылыгынан каза таап отурат",- деп билдирди каза тапкан кыздын таенеси Шаани Топчубаева бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында.
Белгилүү болгондой, 31-май күнү кечки саат 9дар чамасында Үч-Дөбө айылынан небереси Раянаны Сопу-Коргон айылындагы тосулган жолдон 15 мүнөт аралыгында алып өтүшкөн. Андан кийин кызды Гүлчө райондук балдар ооруканасына алып келишкенде дарыгер "800 сомдук уколду сайдым, небереңиз жакшы болуп калат" деп уктап калган. Эртең мененки саат 5тер чамасында кыздын апасы дарыгерди ойготуп, "кызымды карап коюңуздар, жаман болуп жатат" дегенде келип караган, бирок кызды куткара алышкан эмес.
"Эгерде неберем тосулган жолдон 15 мүнөт туруп калып, анан келип эле каза болуп калса айтмакмын, неберем ошол 15 мүнөт жолдо туруп калгандыгы үчүн алар күнөөлүү деп. Бирок неберем Гүлчөгө келгенден кийин дене табы жогору болуп турса, 800 сомдук уколду көтөрө алмак беле? Анан да уколдон кийин неберемдин заарасы чыкпай калды. Дарыгерге айтсам, "Дене табы жогору болуп турса, заарасы чыкмак беле?" деп койду. Мен да дарыгермин, ал заарасын чыгарганга аракет кылышы керек болчу. Мен күнөөнү дарыгерге коём",- деди таенеси.
"Июнь окуясында уулум дайынсыз жоголуп, азыркы күнгө чейин дайыны билинбей келгени аз келгенсип, эми дарыгерлердин кайдыгерлигинен неберемден ажырап отурам",- деп кошумчалады.