Биз социалдык тармакта

“Манастагы” америкалыктардын Транзиттик борборунун ордуна Улуттук Гвардиянын аскерлери жайгаштырылат

“Манас” аба майданындагы расмий түрдө бүгүндөн баштап чыккан Американын Транзиттик борборунун ордуна Улуттук Гвардиянын аскерлери жайгашат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук Гвардиянын аскерлери жакынкы убакыт аралыгында аталган борборго жайгаштырылышат.

Эске салсак, “Манаста” орун алган Американын Транзиттик борбору 2001-жылдан бери иш алып барып келген. Аталган борбор бүгүндөн баштап расмий түрдө ишин токтотуп, 11-июнга чейин ал жактан чыгып кетмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg1982
2014-06-03 17:10:58
Азамат экен биздин президент айткан созуно турду
0
nolvan
2014-06-04 20:38:45
Кайдагы азамат путин приказ берди да болбосо кайсы башы жок адам эки каршы альянстын авиабазаларын жайгаштырат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан