Алайдын Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрүндө тынымсыз жааган жамгыр карга айланып, 15 сантиметрге чейин жеткен. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда райондук администрациядан Аскар Машеров билдирди.
Маалым болгондой, аталган айыл өкмөттөрүнүн аймагында жашаган калктын билдирүүсү боюнча, бензин, солярка, тамак-аш азыктары түгөнгөндүгүнө байланыштуу малга жем, чөп, чабандарга тамак-аш азыктарын жеткирүү Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан жол тосулгандыгына байланыштуу кыйынга турууда.