Кызыл-Кыяда февраль айынан июнь айына чейин 400дөн ашуун ымыркай төрөлгөн

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 2014-жылдын акыркы 4 ай аралыгында 482 бала төрөлдү. Былтыркы жылдын ушул убактысына салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 60ка көп болгон жана 87 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Мамлекеттик статистика бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 35 адамга кыскарган.

Ошондой эле 2014-жылдын 4 айында 85 үйлөнүү, 20 ажырашуу катталган. Ал эми аталган аймактын калкынын саны ушул жылдын 1-январына карата 47 600 адамды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-03 13:56:12
ымыркайлар тороло берсин ар бир бала озунун ырыскысы менен торолот эн негизгиси омуру узун болуп ата энесине эл жерине куйумдуу балдардан болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан