Борбор калаанын мэри өнүктүрүү планын кайра иштеп чыгууга кошумча убакыт сурады

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаардык кеңештен борбор калааны өнүктүрүү боюнча долбоорду кайрадан иштеп чыгууга 9-июнга чейин кошумча убакыт сурады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда шаардык кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш мэрия даярдаган Бишкекти өнүктүрүү боюнча планды артка кайтарып, кайра иштеп чыгууга 1-июнга чейин мөөнөт берген.

Эске салсак, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов аталган мөөнөттүн ичинде мэр планды кайра иштеп чыкпаса, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлөрүн эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан