2014-жылдын 4 ай аралыгында эксплуатацияга 2 миңден ашуун турак жай берилди

2014-жылдын алгачкы 4 айында жалпы аянты 308,6 миң чарчы метрлик 2169 жеке турак жай эксплуатацияга берилди. Бул 2013-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 28,3 пайызга көп. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жеке турак жай үйлөрдү эксплуатацияга киргизүү Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынан жана Ош шаарынан тышкары бардык аймактарда жогорулаган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан