“Алайдагы митингчилер президентке эмес, сотко же прокуратурага кайрылышы керек”,- деп айтты бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында КРнын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв.
Анын айтымында, жол тосуудан аткаминерлер эмес, жеке ишкерлер жапа чегишет. “Ушул сыяктуу маселелер парламентте чечилиши зарыл. Жеке ишкерлик тынчтыкты жакшы көрөт. Ал туруктуу мамлекетте гана өнүгө алат”,- деди ал.
Белгилей кетсек, 27-майдан бери Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургундары учурда камакта жаткан ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп, 7 күндүн ичинде өлкөнүн экономикасына 50 миллион сомдон ашуун зыян келтиришкен.