Сергей Пономарёв Алайдагы митингге токтолуп: "Өткөн жылдары казак-кыргыз чек арасы жабылганда биздин жеке ишкерлер жапа чегишкен"

“Казакстандагы кесиптештерим Алайдагы окуялар боюнча угуп, “Силерде жарандык согуш болуп жатабы?” деп сурап жатышат”,- деп айтты бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында КРнын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв.

“Мурдагы жылы, эсиңерде болсо, саясатчылар жана активисттер чоң митинг уюштурабыз деп коркутушкан. Белгиленген күн келгенде 30 гана адам чогулуп, тез эле тарап кетишкен. Бирок казакстандыктар Бишкекте митинг болорун угушуп, өз чек араларын 7 күнгө тосуп коюшкан. Мындан биздин жеке ишкерлер жана жүк ташуучулар жапа чегишкен”,- деди Пономарёв.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан