Ош облусунун Кара-Суу районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Ооган согушунун, Баткен окуясынын катышуучуларына арналып Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду тарабынан тургузулган эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Район акими Тилек Матраимов согуштун ардагерлерин эскерип, алардын мекенге кылган эмгектерин жаштарга туура жеткирүү, жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу максатында эстелик орнотулганын белгиледи.