Ошто студенттер Балдар күнүнө карата кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин студенттери жана эмгек жамааты 2-июнда Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата салтка айланган кайрымдуулук иштерин улантышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кайрымдуулук иш факультеттин студенттери тарабынан демилгеленип, деканаттан колдоого алынган. “Биз кайдыгер эмеспиз” деген аталыштагы акция Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан дүлөйлөр мектеп-интернатында уюштурулган. Бул мектеп-интернатында бүгүнкү күндө 8 жашка чейинки 58 бала тарбия алат.

Жалпысынан студенттердин жана окутуучулардын жеке чөнтөгүнөн 11 миң сом акча чогултулуп, топтолгон каражат мектеп-интернаттын оңдоо иштерине жана андагы тарбияланган балдардын тамак-ашы үчүн мекеме жетекчилигине тапшырылды.

Андан сырткары ар бир балага студенттер үйлөрүнөн ала барышкан оюнчуктарын беришип, андагы тарбиялануучу балдарды балдар аянтчасында ойнотуп кайтышты.

Уюштуруу тобунун мүчөсү Мурат Абдиев:Балдарды мүмкүнчүлүгүнө карап бөлүүгө болбойт. Анткени алар биздин инилерибиз жана карындаштарыбыз. Жаш балдар жер бетинин жандуу гүлдөрү болушу керек. Аларды да келечекте чоң турмуш күтүп турат, биз аларга күч берип, жашоого болгон үмүтүн өчүрбөстөн улантууга жардам беришибиз керек”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
samar82
2014-06-04 09:43:32
Азаматсынар аз да болсо чон жардам алар учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан