Бүгүн, 3-июндагы маалымат жыйынында КРнын Рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти
Сергей Пономарёв Алайдагы митингге жана анын соодагерлерге тийгизген таасирине токтолуп өттү.
"Кыргызстандагы митингчилердин саны азайып жаткандыгы сүйүндүрөт. Буга статистикалык маалыматтар далил боло алат. Парламентте кызуу талкуу болсо боло берсин, ал эми шаар, айылдарда эл эмгектенип, нан жөнүндө ойлосун. Жол тосуулардан зыян тарткандарды ишкердик уюмдарга кайрылууга чакырабыз. Жоопкерчиликке тартылгандан кийин гана жол тосууга аракет кылгандар жасаган иштеринин натыйжасы тууралуу ойлонуп калышар. Ар ким өз кадамына жооп бергенде өлкөдө туруктуулук орун алат",- деди ал.