Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууга байланышкан иш-аракеттерди көрө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын 23-майындагы №250-б буйругу менен Ош шаарынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга байланышкан иш-чараларды координациялоо жана ишке ашыруу боюнча курамы 49 кишиден турган шаардык штаб түзүлгөн жана аны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектейт.
Шаардык штабдын 30-майдагы жыйынында жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча өкмөттүн тездетилген иш-чаралар планынын жана республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Ош шаардык паспорт-визалык жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Р.Алиевдин маалыматы угулуп, талкуулардын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алды.
Ал эми 1-июлга чейинки мөөнөттө Ош шаарынын аймагында жайгашкан калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарын ыйгаруу боюнча иштер уюштурулат.
Айта кетсек, штабдын жыйыны ар он күндө өткөрүлүп турмакчы.