Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 187 миң пенсионер банк карталары аркылуу пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2014-жылдын май айына карата өлкө боюнча 582 247 адам пенсия алат. Алардын 395,1 миңи "Кыргыз почтасы" аркылуу алса, 187,1 миң адам коммерциялык банктар аркылуу пенсия алат.
Ушул жылдын январь айында банк аркылуу 173 456 адам пенсия алып келсе, банк карталары аркылуу алгандардын катарына 5 ай ичинде 13 644 пенсионер кошулган.