Кыргызстанда 5 ай ичинде күйүүчү майга болгон баа орто эсеп менен 2,4 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда 5 ай ичинде күйүүчү майга болгон баа орто эсеп менен 2,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдын январь-май айларынын аралыгында күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы да, төмөндөшү да байкалган. 1,5 айдын ичинде баа өзгөрбөй, апрелдин ортосунда белгиленген деңгээлде сакталып калган.

Натыйжада жыл башынан бери күйүүчү майга болгон баа түндүк облустарда 1,2 сомго кымбаттаса, түштүк облустарда 0,3 сомго кымбаттаган. Республика боюнча күйүүчү май орто эсеп менен 2,4 пайызга кымбаттаса, Бишкек боюнча 3,5 пайызга, Ош боюнча 1,2 пайызга кымбаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан