Кыргыз профсоюздар федерациясы Ысык-Көлдөгү 120 баланы ден соолукту чыңдоо лагерине жөнөттү

Бүгүн, 25-июнда Ысык-Көл облусундагы 7 жаштан 14 жашка чейинки 120 бала жайкы эс алууга ден соолукту чыңдоо лагерине жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда аталган облустагы мекеме-ишканаларда эмгектенген ата-энелердин балдары жайкы лагерге жөнөтүлдү. Балдардын эс алуусуна Кыргыз профсоюздар федерациясынын эмгекчилердин ден соолук фондунан 542 миң сом бөлүнгөн. Балдарды лагерге узатуу салтанаттуу маанайда өтүп, аларды куттуктап өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева, облустук профсоюздун төрагасы Таир Кербенбаев жана ата-энелер сөз сүйлөп, МАИ кызматкерлеринин коштоосу менен Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылындагы лагерине кетишти.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан