Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүсү алтын тастыктаманын ээси болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Ош шаардык билим берүү мекемесинен билдиришти.
Анда маалым болгондой, "Ага-хан" мектеп-гимназиясынын окуучусу Диана Кубанычбек кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 220 балл топтогон. Бул тастыктаманын негизинде аталган бүтүрүүчү республиканын каалаган жогорку окуу жайына сынаксыз өтө алат.