Эртең, 21-июлда куудул, пародист
Жаныбек Алыкуловдун сөөгү жерге берилет.
Маркум Жаныбек Алыкуловдун сахналашы, куудул Кабыл Бөрүбаев: "Чоң талант, кайталангыс адам катары жаш бойдон кете берди. Бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Жакемдин атын өчүрбөгөнгө аракет кылабыз. Көптөн бери ооруп жүргөн. 2 күн комада жатып, бүгүн түнкү саат 1де үзүлдү. Анын сөөгү Ала-Тоо жаңы конушундагы жаңы ачылган бейитке коюлат",- деди.
Кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Эч кандай мамлекеттик сыйлык албаса да, калың элге жагымдуу маанай тартуулаганы менен ал ар бир кыргыздын эсинде кала берет. Анын жолун улай турган балдары бар. Уулу Манас Алыкулов кыргыз шоу дүйнөсүндө, концерттерде ырчылыкты, тамадалыкты аркалап, тасмаларда роль жаратып келет.
Жаныбек Алыкуловдун төрт уул, эки кызы бар.