Куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн, 21-июлда Ала-Тоо конушунда жерге берилет. Азыркы тапта маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага Жаныбек Алыкуловдун сахналаштары катышып жатат.
Куудул Жаныбек Алыкулов кечээ, 20-июлда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Кыргыз маданиятына салым кошуп, куудул, пародист гана эмес, ырчы катары эл оозуна алынган Жаныбек Алыкулов Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. Төрт уул, эки кыздын атасы. Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.