Күмөндөр Абылов: "Элдин жүрөгүнөн орун алган куудул Жаныбек Алыкулов өкмөт тарабынан бир дагы наам албай кете берди"

Куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн, 21-июлда Ала-Тоо конушундагы бейитке коюлду. Маркум менен коштошуу зыйнатына анын жакын туугандары, мурдагы маданият, маалымат жана туризмди өнүктүрүү министри Султан Раев, коомдук ишмер Ибрагим Жунусов, куудулдар Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, Жамбыл Камчиев, Борончу Кудайбергенов, Кубик Калыков, ошондой эле КРнын Эл артисти Түгөлбай Казаков жана башкалар катышышты. 

Маркум Жаныбек Алыкуловдун санаалашы Күмөндөр Абылов: Жаныбекти “пародияны кайра жаңыртуучу” деп айтсак болот. Тарыхта Бекназар аттуу куудул 40тан ашуун жаныбарды туурачу экен. Бул Жаныбекти “азыркынын Бекназары" деп айтыш керек. Бир гана өкүнүчтүү жери, элдин жүрөгүнөн орун алган куудул өкмөт тарабынан бир дагы наам албай кете берди. Жакем дагы да өмүр сүрүп, балдарынын, неберелеринин тойлорун көрүп, жакшылыктарына күбө болуп кетсе болмок. Айла жок, ажал экен... Бирок биз Жакемди эч качан унутпайбыз! Кош, Жаке! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун”. 

Айта кетсек, Жаныбек Алыкулов кечээ, 20-июлда 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Кыргыз маданиятына салым кошуп, куудул, пародист гана эмес, ырчы катары эл оозуна алынган Алыкулов Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. Анын артында төрт уул, эки кызы калды.  

Кыргыз эли куудул Жаныбек Алыкуловдон айрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
anjella888
2014-07-21 14:38:10
7-суротто элдин баары кайгырып баратса баласы Манас соткасын чукулуп баратат го зилдин устундо.Атанын ою балада баланын ою талаада.Эл эмне деди
+1
PeRa
2014-07-21 17:46:45
anjella888, сын айтат десе эле аша чаап кетесинер,атасы каза болсо, кайгырып отуруп алуу эле эмес,уюштуруу иштери да анын мойнунда.Эл адамы болгондон кийин,уюштуруу жакшы денгээлде отушу зарыл.
+5
LISICHKA
2014-07-21 14:50:40
Тируусундо барктабай олгондон кийин аттин дейбиз,бизде бул конумуш адат,тан калып кереги жок.ошол раев,жунусовдор кантип келишти беттери чыдабай,наам берсе оздорунун чонтокторунон берчудой болушуп.Жаныбектин жаны жаннаттан орун алсын.Наам бере тургандар эми наамдарын чонтокторуно салып алышсын.
+9
Takesha87
2014-07-21 15:43:17
Наам берсе болмок дейсинер, ал наамды алыш учун акча бериш керекда, бизде ушундайда тан калып кереги жок. Аттин, жакшы инсан эле..., Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
boztalaa
2014-07-21 15:53:43
Жалган жашоонун наамын албаптыр, Бейиштин торунон оорун берсин кудайым Ж.Алыкуловго!
+6
Брэд
2014-07-21 15:56:22
ХХХ ХХХ ХХХ... Андан коро козу тируусундогу сатираларын жуктосонор!
-3
Aselina_kg
2014-07-21 16:16:50
Бейиши болсун! ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
snegurochka11
2014-07-21 16:54:18
ХХХ ХХХ ХХХ... Бейишин берсин!!!
0
admin_portal
2014-07-21 17:15:39
cindrella,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
meerim8793
2014-07-21 17:55:10
Акка оролгон сүрөтүн киргизбей эле койбопсуздар, андайды көрө элек элем кокус көрүп алып чочуп калдым.
0
Kampos
2014-07-21 18:09:15
meerim8793, Акка оролгон суротту кайдан коруп жатасын?
0
meerim8793
2014-07-21 20:13:14
Kampos, өчүрүп коюшуптур.
0
aikol87
2014-07-21 19:14:20
Жакшы алып койупсунар, ато журок сыгылып кетти коруп.
0
yylkan
2014-07-22 20:26:03
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун,калган омурун балдарына жакындарына берсин,жакындарына сабыр тилейм....
0
tabyshmak
2014-07-22 21:52:48
Наам алуу учун Жаныбек агабыз ото коп акчалуу болуусу же аял болуп жаралуусу керек эле...
0
Zulya2
2014-07-22 23:38:31
Жакындарына конул айтам.... Рамазан айында кетиптир жайы жаннаттан болсун....
0
Guli.K.E.
2014-07-23 13:15:49
Манас кимди суротко тартып жатат или мне так кажется??? (((((...
0
Revolyutsioner
2014-07-23 14:26:19
Ибрагим Жунусов бир ыры учун эмгек синирген ырчы/артист наамын алды, ал эми куудулубуз канча жыл эл учун иштеп эч ким барктабады, козу тируусундо барктап баалабаган сон козу откон сон алтындан кумбоз куруп 100-150-200 жылдыктарын откоруу туурабы? Азыр ким бийликке жакын болсо баардык наам аныкы, колдоочун болбосо элдин канчалык колдоосу болсо да эч нерсеге жетпей калган заман... Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун, кыргыздын татыктуу эмгек синирген куудулдардын бири болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан