25-июлда "Курманжан датка" тасмасынын иштелип бүткөн варианты Канадада өтүүчү бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөтүлөт

25-июлда "Курманжан датка" тасмасынын иштелип бүткөн варианты Канадада өтчү бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөтүлөт. Бул тууралуу тасманын менеджери Чолпон Идирисова бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

“Курманжан датка” тарыхый тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөрүлүүчү кинофестивалга чакыруу алган. Ал фестивалда “Фокус –дүйнөлүк кино” категориясында көрсөтүлөт.

Айтымында, учурда тасманын үн жазуу процесси Санкт-Петербург шаарында жүргүзүлүүдө, өң коррекциялоо иштери да аягына чыккан.

Фильмди композиторлор Мурзали Жээнбаев менен Бакыт Алишеровдун музыкалары коштойт.

"Ар бир эле режиссёр катты ачып, “Куттуктайбыз! Сиздин тасмаңыз биздин фестивалга катышууга чакырылат” дегенди окуп кубанат болуш керек. Чындыгында, бизди чакырат деп ойлогон эмеспиз. Анткени алар тарыхый фильмдерди жактырышпайт. Бирок бизге ийгилик жылмайды. Жакында биздин тасмабыз Канадага жөнөйт”,- деп Садык Шер-Нияз кубанычы менен бөлүшкөн.

Монреаль кинофестивалы 21-августтан 1-сентябрга чейин Канадада өткөрүлөт. 

Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы. Тасманын бет ачары 31-августта болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sibiryak
2014-07-23 14:56:47
Мен чыдамсыздык менен кутуп жатам экранга чыгаар убактысын.
+3
oma0303
2014-07-23 18:36:00
Москвага да келип койсонуздар жакшы болмок. Бул жактагылар да чыдамсыздык менен кутуп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан