“Бул эң чоң жетишкендик. Ошондуктан тасманын бүтүрүлгөн вариантын 2-августка чейин жөнөтүшүбүз зарыл, анткени фестиваль 30-31-августта башталат”,- дейт Фархад мырза.
"Силер билесиңер, 70 миллион сом тарыхый тасма үчүн кенедей эле сумма болуп калат. Мисалга алсак, Казакстан "Көчмөндөр" фильмин 40 миллион долларга тарткан. Бирок режиссёр Садык Шер-Нияз апыртуудан качып, жөнөкөй жана ишендирерлик драма тартты. Ал Курманжан датканын образын ишеничтүү кылып ачып берди. Орто Азиядан бир дагы тасма мындай фестивалга катыша элек",- деп белгилейт жазуучу жана драматург Талип Ибраимов.
Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы. Тасманын бет ачары 31-августта болот.