Адвокат: “Жабырлануучу тараптын 7-апрелдеги окуялар боюнча соттук өкүмгө нааразы болуп митингге чыгышын четке какпайм”

“Жабырлануучу тараптын 7-апрелдеги окуялар боюнча соттук өкүмгө нааразы болуп митингге чыгышын четке какпайм”,- деди бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында аталган сот боюнча жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев.

Анын айтымында, соттук өкүмгө макул болбой нааразычылыгын билдирүү - ар бир жарандын укугу. “Жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү 7-апрелдеги окуялар боюнча соттук өкүмгө макул болушкан. Биз өкүмдү объективдүү деп эсептейбиз. Чечим материалдардын негизинде чыгарылган”,- деди ал.

Мындан тышкары О.Жамансариев “Альфа” атайын бөлүгүнүн аскерлери Расул Байтоков жана Олег Ребеноктун үстүнөн кайрадан апелляциялык арыз жазарын баса белгиледи.

Айта кетсек, 25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча өкүм чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан